Кыргызстанда эмнелер өндүрүлөт?
Жакында эле мен досум менен Кыргызстандын айыл-чарбасында кандай азык-түлүктөр өндүрүлөөрү жөнүндө маалымат таптым. Андан соң биз чакан анализ жасап көрүүнү чечтик. Төмөндө биз даярдаган инфографикада сиз үчүн кызыктуу болгон бир нече маалыматтар камтылган.
Советтер союзу ыдырагандан кийин Кыргызстандын айыл-чарбасы оор жоготууга учурап, өндүрүштүн деңгээли 1991-1995-жылдары кыйла арта кетти.
Акыркы жыйырма жылда азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрү кайрадан өндүрүлүп баштаса, кээлеринин өндүрүрүмдүүлүгү төмөн бойдон калууда. Мисалы, учурда жүн иштетүү жана тамеки өндүрүү 1990-жылдагы көрсөткүчтүн 30% жана 14% пайызын гана түзөт. Кант кызылчасын дагы иштетүү учурда кыйын мезгилди баштан өткөрүүдө десек болот. 2012-жылы бул тармакта өндүрүү иштери мурдагыга караганда илгерилеген болчу. Кыргызстан климаты жана өндүрүш ишканалары жакшы иштеген регион катары совет мезгили учурунда алдыңкы өндүрүшчү болуп келген. Бүгүнкү күндө кант кызылчасы Чүй жана Талас облустарында бир нече ишканалар тарабынан гана өстүрүлүп жатат.
1994-жылдагы кескин төмөндөп, жыйырма жылдын ичинде өндүрүрүмдүүлүгү өспөгөн бир катар азык-түлүктөрдү атоого болот. Алардын катарына сүт, жумуртка жана эт кирет. Булардын баарынын дээрлик Чүй облусунда өндүрүлүп жана иштетилип жаткандыгынын себеби - аталган аймактын инфрастуктурасы башка региондорго салыштырмалуу ыңгайлуу деп айтылып жүрөт. Кыргызстанда башка азык-түлүктөргө караганда көбүрөөк өндүрүлгөн жана көбүрөөк талап кылынгандар бул буудай менен картошка. Буларды өндүрүү бир топ жылдан бери жогорулап жатат. Бирок сиз байкагандай, буудайды өндүрүү боюнча маалыматтар бир кылка эмес. Бул буудайдын сезондук шартка көз кардылыгына (кургакчылык же ылаңдарга байланыштуу) болушу ыктымал. Мөмө-жемиш дагы аба-ырайынан, айрыкча эрте жаздагы үшүк алып кетүүдөн көз каранды. Андан тышкары, инфографикада ар бир аймакта кандай азык-түлүктөрдүн өндүрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Мисалы, Ысык-Көл облусунда картошка башка аймактарга караганда көп өстүрүлөт( 38%), буудай болсо Чүй жана Ысык-Көлд ө көп өндүрүлөт. Мөмө-жемиштер жана жер-жемиштерди өндүрүү Жалал-Абад, Ош жана Баткенде кенен тараган.
Тилекке каршы, маалыматтар боюнча бир нече көйгөйлөр бар. Мисалы, биз билгендей эле Таласта күрүч өстүрүү бир кыйла көбөйгөн, бирок 2005-жылдан берки маалыматтар жок. Анын жоктугунун себептерин биз изилдеген жокпуз жана аларсыз биз күрүчтүн азыркы абалы. Маалыматы жок көрсөткүчтөр үчүн нөл деген маанини колдондук.